Астана эл аралык форумунда Евразия аймагынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астана эл аралык форумунда Евразия аймагынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Астана эл аралык форумунун панелдик сессияларынын биринде Евразия чөлкөмүнүн дарамети талкууланды. Анда серепчилер өлкөлөрдөгү туруктуу экономикалык өсүштүн өнүгүшүнө транспорттук инфраструктураны жаңылоо, энергетикадагы инновациялар, ресурстарды натыйжалуу пайдалануу түрткү болорун айтышты.


Рае Квон Чунг, Нобель сыйлыгынын лауреаты:


- Борбор Азияда кайра жанма энергия булактарынын чоң дарамети бар. Мындан тышкары көмүртексиз өнүмдөрдү жана энергияны өндүрүп, Европа өлкөлөрүнө экспорттоого мүмкүн. Казакстан Борбордук Азиядагы алдыңкы өлкө. Ал эми республика Европа менен Азиянын ортосунда жашыл экономиканы өнүктүрүүдө чоң роль ойной алат. Бул климаттын өзгөрүшүн жумшартууга инвестициялоо экономикалык өсүштү көтөрөт дегенди билдирет. Мен сиздердин өлкөнүн бул багытта эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар экенине ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков