Жеңис Ермуканов, кабарчы:
Бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүнүн өз ара товар
алмашуусу 11 млрд долларга жетип жатат. Алардын жарымы Казакстан менен
Өзбекстандын ортосундагы сооданын үлүшүнө туура келет. Эки тарап тең бул
көрсөткүчтү эки эсеге көбөйтүүнү көздөп жатышат. Өзбек серепчилери бул чек эмес
экенин, бирок алардын өз ара соода алаканын дарамети кыйла жогору болорун айтышууда.
Борбор Азиянын эл аралык институтунун талдоочулары казак
өзбек мамилелери аймактагы өлкөлөрдүн бирдиктүү кызматташтыгында
байланыштыруучу звеносу экенин белгилешет. Казакстан менен Өзбекстандын
ортосунда аймактагы биринчи стратегиялык өнөктөштүк жана союздук мамилелер
тууралуу тарыхый келишимдер түзүлдү. Бүгүнкү күндө кулач жайган беш тараптуу
интеграция региондун өлкөлөрүн бириктирет жана Борбордук Азиянын Заманбап
көрүнүшүн калыптандырат.
Саидмухтар Саидкасимов, Борбордук Азия Эл аралык институту
мүдүрүнүн кеңешчиси, Өзбекстан:
- 2040-жылга чейин Борбордук Азияны өнүктүрүү
концепциясын кабыл алуу биздин келечекке бекем ишеним менен реалдуу дареметибизди
көрсөтөт. Анда биздин келечектеги өнүгүүбүздүн конкреттүү багыттары аныкталган.
Бул багыттар бардык тармактарды камтыйт. Баарынан мурда экономикалык өнүгүү. Биздин
мүмкүнчүлүктөрүбүз кенен. Биздин дараметибиз бүгүнкү мамилелерден алда
канча жогору.
Өзбекстандык серепчилер 80 миллион калкы бар аймактын
жалпы рыногу өнүгүү жолуна түшкөнүн белгилешет. Алардын айтымында, акыркы 7
жылда аймактар аралык соода 4 эсеге, биргелешкен ишканалар 3 эсеге, ал эми
инвестициялар 2 эсеге өскөн. Өткөн жылы эле өз ара товар жүгүртүү 25% га артты.
Азер Адигезалов, Борбордук Азия Эл аралык институтунун башкы илимий кызматкери, Өзбекстан:
- Бүгүнкү күндө аймактагы дээрлик бардык талаш маселелер өз чечимин тапты. Мунун аркасында экономикалык мамилелердин жаңы этабы башталды. Анын келечектери Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин жакында чыккан «Борбор Азия ренессансы» деген макаласында чагылдырылган. Казакстандын Президенти тарабынан сунушталган ар кандай багыттагы жаңы демилгелер региондогу өлкө жетекчилеринин көз карашы менен дал келгенин өзгөчө белгилей кетүү керек.
Улуттук жана региондор аралык иденттүүлүктү максималдуу
эске алуу менен тең укуктуу мамилелерди өнүктүрүү негизги фактор болуп саналат.
Буга беш мамлекет бир добуштан кызыкдар. Башкача айтканда, экономикалык
энергетикалык, транспорттук-логистикалык, транзиттик коридорлор жана
маданий-гуманитардык байланыштар бирге адамдык капиталды бекемдөөгө
ниеттенүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков