Батыш Казакстанга кошумча күч жөнөтүлөт

Батыш Казакстанга кошумча күч жөнөтүлөт

Оралдагы Жайык дарыясында суунун деңгээли кайрадан көтөрүлдү. Бул жерде суунун деңгээли кооптуу делген 8,5 метрлик чектен ашып кетти. Анын кесепетинен дачалык аймактарды суу каптады.  Оралда суу каптоого каршы иш-чаралар күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө. Коргоо курулуштарын бекемдөө иштерине 16 миңден ашык адам тартылып, 2 миңден ашык техника Казакстандын башка аймактарынан алынып келинди. Вице-премьер-министр, Республикалык штабдын жетекчисинин орун басары Канат Бозумбаев суу ташкынына каршы күрөшүү үчүн Батыш Казакстан облусуна дагы 500 аскер кызматкерин жана куткаруучуну жөнөтүүнү тапшырды. Суу ташкынынын коркунучтуу аймагында дарыялардын жээгине дагы бир нече метрге топурактан дамбаларды куруу чечими кабыл алынды. Ал эми өлкөнүн батышындагы айылдарда абал туруктуу жана көзөмөлдө. Белгилей кетсек, суу каптоо башталгандан бери облустагы Жайык жана Шаган дарыяларынын жээгинде 136 чакырымдан ашык дамба курулган, анын ичинде Орал шаарында 45 чакырымды түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков