Актау деңиз портунда жүк ташуу артты

Актау деңиз соода портунун дарамети өсүп келүүдө. Үчтүн айы, бугу айларында суу порту контейнерлерди ташуунун жана жүктөөнүн рекорддук санына жетишти. Портто 15 миңден ашык контейнер жүктөлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 50%-га көп. Транскаспий эл аралык транспорт каттамы боюнча Кытай Эл Республикасынан Европа өлкөлөрүнө контейнердик ташуу эки эсеге өстү.

Ануар Немышов, «Актау деңиз соода порту» УК» АК коммерциялык бөлүмүнүн башчысы:

-Мындай рекорддук көрсөткүч Актау деңиз соода портунда мурда болгон эмес. Маселен, былтыр 20 миңден ашык контейнер жөнөтүлгөн.

Ошондой эле, портто контейнердик жүктөрдү ташууну жакшыртуу үчүн бир катар заманбап жабдуулар ишке киргизилет. Алар негизинен жүк көтөргүчтөр жана порталдык крандар. Бул аппараттарды модернизациялоону жана жүктөөнү тездетип, өз кезегинде белгиленген жерге жеткирүү убактысын кыскартат.

Кайрат Халиолла, «Актау деңиз соода порту» УК» АК транспорт-логистика бөлүмүн башчысы:

-Кытайдан транзиттик контейнерлер Актау порту аркылуу Азербайжандын Абшерон шаарына чейин ташылат. Кошумчалай кетсек, бүт Кытайдан Грузиянын Поти Батуми портуна 11 күндү, ал эми Абшеронго жеткирүү убактысы 8-9 күндү түзөт.

Белгилей кетсек, контейнерлердин басымдуу бөлүгү Транскаспий эл аралык транспорттук маршруту боюнча ташылат. Бүгүнкү күндө Тегеринди деңиз дарбазасы Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия-Түркия багытында транзиттик транспортту өнүктүрүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков