Дүйнөлүк банк Казакстандын 2024-жылга карата ИДӨнүн өсүү болжолун жакшыртты. Экономикалык өсүш быйыл 4,3%, 2025-жылы 4,5% болот. Бул тууралуу Эл аралык каржы институтунун үчтүн айындагы отчетунда айтылат. Буга чейин Дүйнөлүк банк өлкөнүн ИДӨнүн өсүшүн 4% деңгээлинде болжолдогон. Серепчилер Борбор Азиядагы экономикалык өсүш 2024-2025-жылдары 4,8%га жакын деңгээлде туруктуу өнүгө турганын белгилешти. Өз кезегинде бул субрегиондор арасындагы эң жогорку көрсөткүч. Казакстан чийки затка болгон жогорку баалардын сакталышын, инфляциянын төмөндөшүнүн шартында туруктуу керектөө чыгымдарын жана мунай өндүрүшүнүн кубаттуулугун жогорулатуунун эсебинен экспорттун туруктуу өсүшүн колдойт деп күтүлүүдө.
Которгон: Илгиз Жамалбеков