Казакстанда
2026-жылы комплекстүү геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 40 млрд теңгеден
ашык каражат бөлүнөт. Тиешелүү токтомго Премьер-министр кол койду. Каражат 20
геологиялык чалгындоо долбоорун ишке ашырууга багытталат. Аймактын аянты болжол
менен 100 миң чарчы километрди түзөт. Быйыл аэрогеофизикалык жана талаа иштери
пландаштырылган. Бардык долбоорлорду 2028-жылдын аягына чейин аяктоо мерчемделүүдө.
Жалпысынан, үч жылдык мезгилде мамлекеттик геологиялык изилдөөгө болжол менен
240 млрд теңге каралган.
Дамир Кубенов,
өнөр жай жана курулуш министрлигинин геология комитетинин төрагасынын орун
басары:
– Бул каражат 100 миң чарчы чакырым аянтта 1/50 масштабдагы 2-муундагы
мамлекеттик геологиялык тартууга арналган. ГС2-50
программасы келечектүү участкаларды аныктоо максатында заманбап геофизикалык,
аралыктан зонддоо жана геохимиялык ыкмаларды колдонуу менен, ошондой эле
маалыматтарды терең санариптик иштетүү колдонуу менен көздөлөт. Жылдын аягында
алынган үлгүлөргө алдын ала лабораториялык талдоо жүргүзүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

