Казакстан Ооганстанга гуманитардык жардамдын кезектеги партиясын жөнөттү. Эске сала кетсек, биринчи партиясы – чатырлар жана дары-дармектер өлкөнүн Улуттук гвардиясынын учагы менен жеткирилген. Бул жолу жүк темир жол аркылуу жөнөтүлдү. 27 вагондо керебеттер, шейшептер, кийим-кечелер, ошондой эле ун, май, консервалар бар. Эске сала кетсек, тогуздун айынын 7де Ооганстанда катуу жер титирөө катталган. Президент Касым-Жомарт Токаев гуманитардык жардам көрсөтүүнү тапшырган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков