Президенттин аймактарга бир катар иш сапарлары уланууда. Бул жолу Касым-Жомарт Токаев Абай облусуна келди. Иш сапардын алкагында эл менен жолугушту. Мамлекет башчы Семей эл аралык транзиттик сооданын маанилүү түйүнү болгонун белгиледи. Ал эми бүгүнкү күндө аймак өлкөнүн чыгыш аймактарын бир бүтүнгө бириктирип, эки ири кошунабыз – Орусия жана Кытай менен чектешет. Эбегейсиз транспорттук-логистикалык, соода-экономикалык потенциалды толук пайдалануу керектигин баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Өлкөбүздүн транспорттук потенциалын өнүктүрүү максатында Бахты аркылуу Кытайга темир жол курууну пландап жатабыз. Биз сөзсүз түрдө темир жолду куруушубуз керек. Өкмөт бул маселени кароодо. Аймакта “кургак порт”, “логистикалык парк” түзүү жана транспорттук коридорлорду өнүктүрүү зарыл.
Мамлекет башчысы облус буга чейин айыл чарба тармагындагы жетишкендиктери менен белгилүү болгонун эске салды. Семей бир кездерде эт, сүт, булгаары, жүн жана башка азыктарды республика боюнча, ал турсун жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө да берип турган. Аймактын бул потенциалы калыбына келтирилет. Ошондой эле, ал масштабдуу геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү зарылдыгына токтолду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков