2022-жылы өлкө борборуна 1 триллион 200 миллиард теңгеден ашык инвестиция тартылды. Каражаттын басымдуу бөлүгү, 53%ы курулуш тармагына, калганы транспортко, кампа жана өнөр жай тармактарына салынды. Борбордун жетекчилигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн борбору турак жай курулушуна жана мунай эмес секторго, ошондой эле негизги капиталга инвестициянын көлөмү боюнча алдыңкы үчтүккө кирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө борбор калаада чет элдиктердин катышуусунда 100 миллиард теңгени түзгөн алты долбоор иштелип чыгууда. Атап айтканда, бул электр кыймылдаткычтарын, кондитердик азыктарды, балдар тамак-ашын чыгаруучу заводдор, ошондой эле заманбап кампа комплекстери.
Которгон: Илгиз Жамалбеков