Казакстанда
жыл аягына чейин 8 химиялык өнөр жай ишканасы ишке берилет. Алардын баасы
болжол менен 13 миллиард теңге деп бааланууда. Өнөр жай министрлиги
билдиргендей, ишке киргизүү пландаштырылууда. Долбоорлордун
катарына суюк азот, натрий пиросульфит жана химиялык реагенттерди өндүрүү
кирет. Завод бардык өнүмдүн 70%ын ички
рынокко жеткирет. Тармактык ведомстводон билдиришкендей, Алматыда Маңгыстау
облусунда аммоний сульфатын жана тиричилик химиясын өндүрүү боюнча заводдор
ишке киргизилди. Ошондой эле 22 долбоор ишке ашыруу стадиясында турат. Тактап
айтканда, «жашыл»
суутек, дат жана уран кычкылы, литий карбонаты, поливинилхлорид, аммоний
паравольфрамат жана башка химиялык продуктуларды өндүрүү. Бардык өнүмдөрдүн
жарымына жакынын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоо пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков