Астана эл аралык форумунун макроэкономикалык таасири

Астана эл аралык форумунун макроэкономикалык таасири

Акчалай алганда бул 4 миллиард долларга барабар. Мындай  жаңы индустриалдык соода-логистикалык хабдын курулушу өз үлүшүн кошору анык. Ал эки тараптын мамлекеттик чек арасында пайда болот. Эки өлкө тиешелүү өкмөттөр аралык келишимге Астана эл аралык форумунда кол коюшту.

Серик Жумангарин, Казакстандын Премьер-министринин орун басары, соода жана интеграция министри:

- Бул-биздин достук экономикалык коңшулук мамилелерибизди өнүктүрүүгө жасалган реалдуу кадам, өлкөлөрүбүздүн бизнеси үчүн чоң түрткү. Келишим бир нече жылга даярдалып, деталдары такталып, инвесторлор аныкталды. Ар тараптан көптөгөн мамлекеттик органдар тартылды, ошондуктан бул чындыгында эле тарыхый окуя.

Данияр Амангельдиев, Кыргызстандын экономика жана коммерция министри:

- Хабдын курулушу биздин өз ара соода-экономикалык мамилелерибиздин чыңдалышына, эки өлкөнүн ортосундагы сооданын өсүшүнө жаңы дем берет деп ишенем. Мамлекет башчылары соодада гана эмес, өнөр жай кооперациясында да дараметтерди жогорулатуу тапшырмасын беришти.

Астана эл аралык форумунун жүрүшүндө инвестиция тартууга жана экономиканы көтөрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол коюлду.

Алибек Куантыров, Казакстандын улуттук экономика министри:

- Америка Кошмо Штаттарынын гана эмес, ошондой эле Европанын, Түштүк-Чыгыш Азиянын жана башка өлкөлөрдүн компаниялары кадимки талаалар менен чектелбестен, ар кандай багыттарды карап чыгышты. Атап айтканда, унаа жасоо, кайра иштетүү жана креативдүү экономика тармактарын Казакстанда өнүктүрүүгө чоң кызыгуучулук көрсөттү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков