Үстүбүздөгү жылдын 6 айында Транскаспий эл аралык транспорт багыты боюнча жүк ташуу көлөмү 65%га өсүп, 2,1 млн тоннаны түздү. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2028-жылга чейин деңиз инфраструктурасын өнүктүрүүнүн комплекстүү планына ылайык, Актау жана Курык портторунун базасында ири деңиз транспорттук-логистикалык кластерин түзүү пландаштырылууда. Документтин алкагында бир катар масштабдуу иштерди аткаруу мерчемделген. Мындан тышкары, Курык портунун акваториясын тереңдетүү жана Актау деңиз портунда контейнердик хаб куруу иштери жүрүүдө. Долбоорлордун негизги бөлүгү жеке инвестициялардын эсебинен, анын ичинде Транскаспий багытын өнүктүрүүнүн алкагында ишке ашырылат. 2028-жылга чейин порттордун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 50%га жогорулатуу пландалууда. Жалпысынан бүгүнкү күндө Казакстан товарларды экспорттук-импорттук ташууну кыйла көбөйттү. Автоунаа транспорту менен ташуунун көлөмү 4 миллионго жакын. Ал эми транзиттик ташуунун көлөмү 2,4 миллион тоннаны түздү.
Ляззат Стамгазиева, Транспорт министрлигинин расмий өкүлү:
– Эл аралык автотранспорт тармагында Кытай менен өкмөттөр аралык келишимдин ратификацияланышы да маанилүү окуя болду. Эми Казакстандын жүк ташуучулары Кытайдын өнөр жай жана порт шаарларына жүк ташый алышат. Ал эми башка өлкөлөрдүн аймагы аркылуу өтсө болот. Кошумчалай кетсек, быйыл биринчи жолу Казакстан аркылуу Кытайдан Европага автоунаа менен эл аралык жүк ташуу тесттик режимде уюштурулду. Ошентип, өлкөнүн тарыхында биринчи жолу Кытай-Казакстан-Азербайжан-Грузия маршруту боюнча жүктөрдү автоунаа менен транзиттик ташуу Курык жана Баку деңиз порттору аркылуу ишке ашырылып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков