Казакстандын технологиялык компаниясынын IoT Sattelite иштеп чыгуусу Кремний өрөөнүндөгү эң мыкты 5 стартаптын катарына кирди. Заманбап аппараттар кен жайларын көзөмөлдөөгө, дарыялардагы суунун деңгээлин жана айыл чарба талааларындагы кыртыштын температурасын аныктоого жөндөмдүү. Эң негизгиси бул уникалдуу долбоор спутник аркылуу байланыш жана интернет жок жерлерден маалыматтарды берет. Ата мекендик компаниянын космостук технологиялар тармагына адистешкен жаңы тутумунун аркасында дүйнөнүн каалаган жеринен маалымат жөнөтүүгө жана алууга болот.
Уалихан Айгужин, SPACELAB компаниясынын инженер иштеп чыгуучусу:
– Бул долбоор ата мекендик геостационардык спутник боюнча маалымат алмашууга мүмкүндүк берет. Башкача айтканда, «Казсат-2» жана «Казсат-3» спутниктери аркылуу иштейт. Кандайдыр бир телеметрия үчүн маанилүү маалыматтарды чогултат. Мисалы, газ, метеорология, сейсмикалык активдүүлүк жана башка көптөгөн тармактарда колдонууга болот. Бул система байланыштын кадимки түрлөрүнө, анын ичинде уюлдук телефондорго же интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок жерлер үчүн өзгөчө актуалдуу болот. Ал маалыматтарды тез жана так таратууга жөндөмдүү.
Казакстандык стартап башка жандоочтор менен координациялай алат. Ар кандай системага кошулууга жарамдуу. Башкача айтканда, ар кандай тармактардагы процесстерди оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул бизнес үчүн тандоо эркиндигин берет. Ата мекендик уникалдуу ойлоп табуу пилоттук сыноолордон мүдүрүлгөн жок. Учурда иштеп чыгуучулар маалыматтарды берүүнүн ылдамдыгын жогорулатуу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Системаны өлкөнүн алыскы аймактарындагы ооруканаларда ишке ашырууга болот. Бул бейтаптардын маалыматтарын ири клиникаларга жана медициналык борборлорго өткөрүүгө мүмкүндүк берет.
Даурен Аубакиров, SPACELAB компаниясынын өнүм жана бизнести өнүктүрүү боюнча мүдүрү:
– Биринчиден, ал реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды көзөмөлдөөгө жана бул маалыматтардын негизинде чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет. Мисалы, кен жайында бир нерсе жабылбай калганда же шахтада бир нерсе иштебей жатса, сиз инженер же топ-менеджменттин өкүлү катары бул курал менен кылдат текшерүү жүргүзө аласыз. Ошондой эле, сиздер биздин аппараттардын жардамы менен жабдууларды башкара аласыз.
Ата мекендик өнүгүүгө суроо-талап Казакстанда эле артып келе жаткан жок. Муну менен катар өнүмгө Африка өлкөлөр да кызыгышууда. Атап айтканда, Эфиопия аны пилоттук режимде ишке киргизмекчи. Кошумчалай кетсек, компания долбоорду Түндүк жана Түштүк Америка, Бириккен Араб Эмираттарынын рынокторуна чыгарууну мерчемдеп жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков