Казакстан жана Беларусь Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан жана Беларусь Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Беларусь Президенттери телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда кызматташтыктын бардык багыттары боюнча оң динамика бар экенин белгилешти. Касым-Жомарт Токаев менен Александр Лукашенко соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылары ошондой эле аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашып, алдыдагы биргелешкен иш-чаралардын графигин карап чыгышты. Касым-Жомарт Токаев Александр Лукашенкону бугу айынын аягында Астанада өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана Евразиялык экономикалык форумга катышууга чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков