Казакстан заманбап газды кайра иштетүүчү өнөр жайын түзөт

Казакстан заманбап газды кайра иштетүүчү өнөр жайын түзөт

Казакстанда эки газды кайра иштетүүчү завод, жаңы компрессордук станция жана «Костанай-Актөбе» магистралдык газ түтүгү менен «Бейнеу-Бозой-Шымкент» газ түтүгүнүн экинчи линиясы салынат. Белгилей кетсек, бул долбоорлор Катар мамлекети менен кызматташуу алкагында жүзөгө ашырылууда. Натыйжада өлкөнүн экспорттук көлөмү сакталып, энергетикалык коопсуздугу камсыз кылынат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министринин төрагалыгы алдында өткөн Энергетикалык кеңештин жыйынында сөз болду. Анда келишимдин негизги шарттары бекитилди. Энергетика министрлиги менен QazaqGazдын маалыматы боюнча, быйыл Казакстанда газ өндүрүү 60 миллиард чарчы метрге, ал эми коммерциялык көгүлтүр отун 28 миллиард чарчы метрге чейин көбөйүшү күтүлүүдө.


Которгон: Илгиз Жамалбеков