Мамлекет башчысы «Таза Казакстан» республикалык
экологиялык акциясына катышты. Касым-Жомарт Токаев «Таза» кыймылына эки жыл мурда
старт берилгенин эске салды. Президент долбоордун маанисине көңүл буруп, бул жөн гана жаратылышты
коргоо жана тазалыкты сактоо эле эмес,
аң-сезимдүү муунду тарбиялоо жана улуттун жаңы сапатын калыптандыруу экенин белгиледи.
Өткөн жылы бардык аймактарда 1200гө жакын экологиялык иш-чаралар өткөрүлүп, 1
миллион гектардан ашык аймак тазаланып, 4 миллионго жакын көчөт отургузулду.
Бул ишке 800 миңден ашык ыктыярчы жигердүү
катышты.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Астанада
Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Региондук экологиялык саммит аяктады.
Бул масштабдуу форумдун алкагында маанилүү иш-чаралар, анын ичинде
эко-волонтерлук жана ресурстарды үнөмдөө маселелери талкууланды. Мен буга чейин
бир нече жолу белгилегендей, дүйнөдө бир дагы өлкө экологиялык көйгөйлөрдү
жалгыз чече албайт. Бул өтө татаал, жооптуу иш. Ошондуктан ал дипломатиялык
аракеттерди, илимди, бизнести жана коомчулукту, өзгөчө волонтерлорду —
максаттуу жаштарды бириктириши керек. Себеби, патриот жаштар ар дайым жана
бардык жерде өзгөрүүлөрдүн кыймылдаткычы болуп саналат.
Мамлекет башчысы «Таза Казакстандын» бардык
катышуучуларына жана биринчи кезекте казакстандык жаштарга чын жүрөктөн
ыраазычылык билдирди. Алар жалпы ишке олуттуу салым кошуп, жогорку жарандык
жоопкерчиликтин үлгүсүн көрсөтүүдө, - деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев.
Президент билим берүү аркылуу экологиялык маданиятты калыптандыруунун
маанилүүлүгүн белгиледи. Ал билим берүү министрлигине «Жашыл сабактар»
долбоорун иштеп чыгууну жана кабыл алууну тапшырды. Ал эми «Таза Казакстан» өз кезегинде улуттук идеяга
айланышы керек.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Жаңы
Конституцияда биздин жашообуздун фундаменталдык негиздеринин катарына «Таза Казакстан» долбоорунан, башкача
айтканда силерден - Казакстандын жаштарынан шыктандырылган патриотизм, биримдик,
тилектештик, жаратылышты сүйүү принциптери камтылды. Мен буга абдан
сыймыктанам жана баарыңыздарга рахмат! Эки жылдын ичинде бул келечектүү демилге
улуттук кыймылга айланды.
Маанилүүсү, долбоор жаңы мааниге ээ болууну улантууда жана чындыгында Адилеттүү
Казакстан идеясынын моралдык өзөгүнө айланууда.
Жалпысынан, акыркы жылдары өлкөдө жашылча-жемиштерди
активдүү отургузуу жүрүп жатат. Мисалы,
токойлордо бир жарым миллиондон ашык, ал эми шаарларда жана айылдарда 18
миллиондон ашуун дарак отургузулган. Жакынкы үч жылда Казакстанда 46 эко-аймак
түзүү пландаштырылууда. Касым-Жомарт Токаев «Таза Казакстан» акциясынын
активдүү катышуучуларынын тобун сыйлап, экоактивисттер менен биргеликте борбор
калаанын "Самал" паркынын аймагына дарак отургузду. Ал борбор
калаанын жашоочуларынын үй-бүлөлүк, спорттук жана маданий эс алуусу үчүн жаңы
тартылуу борбору болууга багытталган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

