Кандаш макамын узартуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлөт

Кандаш макамын узартуу тартиби жөнөкөйлөштүрүлөт

Казакстанга көчүп келген этникалык казактардын кандаш макамын узартуу жараяны жөнөкөйлөштүрүлүшү мүмкүн. Тиешелүү долбоор Эмгек жана элди социалдык жактан коргоо министрлиги тарабынан сунушталууда. Мекеме мындай макамды берүүдө керектүү документтер кылдаттык менен текшерилерин, андыктан аны узартуу үчүн кайра текшерүүнүн кереги жок экенин айтууда. Буга байланыштуу тиешелүү чечимди эми жергиликтүү аткаруу органы өзү кабыл ала алат. Ага чейин атайын комиссиянын кароосунан өткөн. Жаңы тартипке ылайык, жергиликтүү аткаруу органы мурда берилген документтердин негизинде макамын бир айдан ашпаган мөөнөткө бир жолу узартуу жөнүндө чечим чыгара алат. Документтин долбоору жетинин айынын 17де «Ачык» ченемдик укук актысы алдында талкууланат.

Жалпысынан жыл башынан бери 16 миң 400дөн ашык адам кандаш макамын  алган. Тиешелүү мекеменин маалыматында, тарыхый мекенине көчүп кеткендердин басымдуу бөлүгү Өзбекстандан келгендер. Калгандары Кытай, Монголия, Орусия, Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков