Казакстан Түркияда өткөн эл
аралык саммитте туризм тармагында беделдүү сыйлыкка ээ болду. Жыл сайын
өткөрүлүүчү «Uzakrota Travel Awards»
сыйлыгы өлкөнү тартымдуу туристтик аймак катары таанытууга кошкон салымы
үчүн ыйгарылды. Ушундай эле сыйлык Сауд Аравиясы, БАЭ, Сербия, Түштүк Корея,
Түштүк Африка, Таиланд жана Ирландиянын өкүлдөрүнө да тапшырылды. Жалпысынан 40
номинация боюнча жеңүүчүлөр аныкталды.
Алишер Турсын, «Kazakh Tourism» улуттук
компаниясы долбоорлорду коштоо департментинин мүдүрү:
- Дүйнөнүн 115 өлкөсүнөн 15 миң адам катышкан иш-чарада «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн туристтик дарамети, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Казакстан быйыл «Lonely Planet» аталган версиясындагы Best in Travel – 2025 багыты боюнча дүйнөнүн алдыңкы 10 өлкөсүнө кирген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков