Казакстандын банк тармагы туруктуу өнүгүүдө

Казакстандын банк тармагы туруктуу өнүгүүдө

Бүгүнкү күндө өлкөдө экинчи деңгээлдеги 21 банк иштейт. Алардын ичинен чет элдик 11 банк, мамлекеттин 100% катышуусу менен 2 банк бар. Бул тууралуу Астанада өткөн брифингде Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттигинин төрагасынын орун басары Олжас Кизатов билдирди. Ал үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча каржы институттарынын активдери 8,6%га өсүп, 48,4 триллион теңгени түзгөнүн белгиледи. Ал эми банк тутумундагы кардарлардын депозиттери болжол менен 5%га жакын көбөйүп, улуттук валютада 33 триллиондон ашты. Ошондой эле, баяндамачы кичи жана орто ишкерликтин субъектилеринин өсүшү менен өлкөдө бизнеске берилген насыялардын саны да көбөйгөнүн билдирди. Натыйжада бизнести насыялоонун көлөмү 15%га өсүп, 10 триллион теңгени түздү.

Олжас Кизатов, Каржы рыногун жөнгө салуу жана өнүктүрүү агенттиги төрагасынын орун басары:
- Тармактар ​​боюнча экономиканы насыялоонун олуттуу үлүшү өнөр жайга - 11,5% жана соодага - 10,2% тийешелүү. Жыл башынан бери тармактар ​​боюнча насыялардын структурасы олуттуу өзгөргөн жок. Бул жаатта жыл башына салыштырмалуу транспорт жана соода тармагында насыялоо 24%га жана 16%га өскөнү байкалат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков