Транскаспий багыты боюнча жүк ташуу көлөмү 2,5 эсеге өстү

Транскаспий багыты боюнча жүк ташуу көлөмү 2,5 эсеге өстү

2022-жылы бул көрсөткүч бир жарым миллион тоннага жетти. Бул тууралуу Казакстандын магистралдык темир жол линиясынын башкы оператору билдирди. Ошол эле учурда ички жүк экспорту 2021-жылга салыштырмалуу 6,5 эсеге өсүп, 890 миң тоннадан ашыкты түздү. Жакынкы аралыкта 2023-жылга арналган багыт боюнча жүк ташуу көлөмүн көбөйтүү, белгиленген график боюнча шаттл-поезд менен үзгүлтүксүз жүрүү, бирдиктүү транзитти түзүү көздөлүүдө.

Которгон: Идгиз Жамалбеков