Шэньчжэнь шаарындагы Alatau City эл аралык роуд-шоусунда
Казакстан менен Кытайдын ортосунда 24 кызматташтык келишимине кол коюлду.
Премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаев баштаган казакстандык делегация
келечек шаарынын долбоорун жана инвесторлор үчүн шарттарды сунуштады. Тараптар «Алатау
Ситиде» жаңы муундагы аккумуляторлорду, энергияны сактоочу системаларды,
заманбап айыл чарба техникаларын өндүрүүнү, электр транспортун жана кубаттоочу
инфраструктураны өнүктүрүүнү макулдашты. Мындан тышкары, кытай компаниялары
өнөр жай ишканаларын, энергетика объектилерин жана логистикалык
инфраструктураны курууга катышат. Долбоорлордун жалпы инвестициялык дарамети 6
миллиард доллар деп бааланууда.
Андан кийин казак делегациясы Гонконгго барды. Бул жерде «Алатау
Ситиге» арналган инвестициялык тегерек стол өттү. Ал Кытай Эл Республикасынын
Атайын административдик районунун, ири инвестициялык фонддорун, каржы институттарын,
технологиялык компанияларынын өкүлдөрүн бириктирди. Иш-чаранын алкагында
тараптар 6 келишимге кол коюшту. Алардын бири Борбор Азия өлкөлөрүнүн
экономикасына түз инвестициялар фондун түзүүгө байланыштуу. Мында Алатау сити
долбоорлору артыкчылыктуу багыттардын бири болот. Өнөктөштүккө өзгөчө
кызыгуусун Alipay санариптик системасын камтыган ири финтех компаниясы жана
Solana Foundation билдирди. Алардын бири келечектеги казак шаарынын
инновациялык экосистемасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр.
Канат Бозумбаев, премьер-министрдин орун басары:
– Гонконг дүйнөлүк каржы системасында өзгөчө орунду ээлейт жана эл аралык инвестициялар, капиталды башкаруу жана трансчек аралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги аянтчалардын бири бойдон калууда. Ошондуктан, биз үчүн Алатау долбоорун Гонконгдун инвестициялык, ишкер чөйрөсүнө тааныштыруу маанилүү. Казакстандын тарыхында биринчи жолу атайын укуктук режими бар шаар түзүлүп жатат, ал тездетилген өнүгүүгө жана инвестицияларды тартууга, ошондой эле инновацияларды киргизүүгө багытталган.
Джон
Ли, Гонгконг
администрациясынын башчысы:
– Өткөн жылы Казакстандын экономикасы 6,5% өстү. Буга ички суроо-талаптын жогорулугу жана жаратылыш байлыктарынын молдугу себеп болду. Мен жеке өзүм Казакстандын динамикалык өнүгүүсүнө жана ишкердик активдүүлүктүн бийик деңгээлине күбө болдум. Өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, анын ачык саясаты жана инвесторлорго жагымдуу мамилеси таасирдүү, мындан ары кызматташууга мүмкүнчүлүк түзөт. Гонконг болсо, өз кезегинде, бул позитивдүү импульсту пайдаланып, Казакстан менен ар кандай бизнес, инвестиция чөйрөлөрүндө өнөктөштүктү кеңейтүүнү көздөйт.
Казакстандын премьер-министринин орун басары Гонконгдун «бизнес капитандары» менен да жолугушту. Эл аралык инвесторлор Алатау шаарынын аймагында өнөктөштүккө жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

