К. Токаев менен Пан Ги Мундун жолугушуусунда актуалдуу маселелер талкууланды

Касым-Жомарт Токаев БУУнун 8-башкы катчысы, Боао Азия форумунун төрагасы Пан Ги Мун менен жолугушту. Анда эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде БУУнун глобалдык чакырыктарды натыйжалуу жеңүүдөгү ролу талкууланды. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Казакстандын эл аралык демилгелерине да токтолду. Башкы Ассамблеянын 79-сессиясы алкагында Казакстан Франция менен бирге One Water саммитин өткөрүүнү мерчемдеп жатат. Кошумчалай кетсек, 2026-жылы Астанада Аймактык климаттык саммит уюштурулат. Өз кезегинде Пан Ги Мун Касым-Жомарт Токаев эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө олуттуу салым кошконун айтып, ошондой эле, Казакстан Батыш менен Чыгыштын ортосундагы алтын көпүрө экенин баса белгиледи.

К. Токаев Чжао Лэцзи менен Казакстан-Кытай мамилелерин өнүктүрүү маселесин талкуулады

Касым-Жомарт Токаев КЭРна болгон иш сапарынын алкагында Бүткүл Кытай Эл өкүлдөрү жыйналышынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен жолугушту. Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине жана форумдун катчылыгына жыйынга чакырганы, иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тараптар өз ара кызматташтыктын тез өнүгүп жатканын белгилеп, казак-кытай мамилелерин жаңы деңгээлге көтөрүүгө даяр экенин билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

- Кытай менен ортодогу достукту жана кызматташтыкты чыңдоо биздин башкы артыкчылыгыбыз. Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү үчүн биз бардык мамлекеттик органдарды КЭРдин тиешелүү мамлекеттик уюмдары менен тыгыз кызматташууга багыттайбыз. Мен бүгүнкү форумда сүйлөгөн сөзүмдө эки өлкөнүн кызматташтыгы, сооданын өнүгүшү, Казакстандын экономикасына кытай инвестициясынын артып келе жатканына байланыштуу конкреттүү мисалдарды келтирдим. Албетте, мунун бардыгы өзгөчө мааниге ээ.

Чжао Лэцзи, Бүткүл Кытай Эл өкүлдөрү жыйналышынын Туруктуу комитетинин төрагасы:

- Кытай тарап стратегиялык максаттарга жетүү үчүн мамлекет башчылары жетишкен маанилүү макулдашууларды ишке ашыруу, саясий ишенимди бекемдөө жана өз ара кызматташууну тереңдетүү үчүн казакстандык кесиптештери менен биргелешип иштөөгө даяр.

Которгон: Илгиз Жамалбеков