ЕАЭБдеги аудитордук кызматтар рыногу бирдиктүү болот

ЕАЭБдеги аудитордук кызматтар рыногу бирдиктүү болот

Казакстандык аудиторлор ЕАЭБ өлкөлөрүндө тоскоолдуксуз иштей алат жана алар берген корутундулар биримдиктин бардык аймагында таанылат. Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүндөгү аудитордук кызматтар рыногу бирдиктүү болот. Парламенттин жогорку палатасы бүгүн тиешелүү келишимди ратификациялады. Жыйында сенатор Серик Утешов келишим бизнестин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, Казакстандын аудитордук компанияларынын натыйжалуулугун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин билдирди. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө тармакта 500гө жакын уюм иштейт.

Серик Утешов, Сенат Парламентинин депутаты:
- Келишимдин максаты - Биримдиктин аудитордук кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү рыногун түзүү. Кабыл алуучу өлкөдө кошумча мекеме ачпастан, чектөөлөрсүз жана өзгөчөлүктөрсүз аудитордук кызматтарды көрсөтүү жана алуу, ошондой эле аудиторлордун квалификациялык аттестаттары, аудитордук корутундуларды өз ара таануу болуп саналат. Келишим аудиторлорго, аудитордук уюмдарга, аудитордук кызматты жүзөгө ашырууга укуктун берилиши менен токтотулушуна, экзамендерге, сапатка тышкы көзөмөлдөө жана аудитордук кызмат стандарттарына бирдиктүү талаптарды аныктайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков