Казакстан ТРАСЕКАга төрагалык кылууну өткөрүп алды

Казакстан ТРАСЕКАга төрагалык кылууну өткөрүп алды

Казакстан ТРАСЕКАга төрагалыкты расмий түрдө кабыл алды. Астанада Өкмөттөр аралык комиссиянын 18-жылдык жыйыны болуп өттү. Олкөнүн төрагалыгынын негизги багыттарынын бири – Европа – Кавказ – Азия эл аралык транспорт коридорун андан ары өнүктүрүү жана 2036-жылга чейинки Стратегияны иштеп чыгууну аяктоонун алкагында аймактын транзиттик дарметин чыңдоо боюнча чечимдерди иштеп чыгуу болуп саналат. Мындан тышкары, коридорду реформалоонун жаңы концепциясын бекитүү пландаштырылууда. Бул транзиттик ташуулардын көлөмүнүн өсүшүн эске алуу менен алдыңкы технологияларды киргизүүгө жана жаңыланган транспорттук архитектураны түзүүгө шарт түзөт. Адистердин айтымында, бул Казакстан үчүн Евразиянын негизги логистикалык хабы катары өз позициясын бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Буга, анын ичинде, транзиттик каттамдарды өнүктүрүү, чек ара процедураларын жөнөкөйлөтүү жана санариптик чечимдерди киргизүү көмөктөшөт. Жалпысынан, чаралар ТРАСЕКА мейкиндигиндеги каттамдарды мүмкүн болушунча тез, коопсуз жана экономикалык жактан атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга багытталган, деп белгилешет серепчилер. Эске сала кетсек, ТРАСЕКА – бул Европа, Кавказ жана Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы транспорттук кызматташтык боюнча эл аралык программа. Ага 14 мамлекет кирет.

Мирас Куантай, Транспорт министрлигинин транспорт саясаты департаментинин мүдүрүнүн орун басары:

– Азыркы учурда бул мейкиндикте ташууларды санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулууда. ТРАСЕКА өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында темир жол жана автоунаа ташууларында документ жүгүртүүнү кагаз форматынан электрондук форматка которуу боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары, ТРАСЕКА башка ушул сыяктуу эл аралык уюмдар менен активдүү кызматташып, бул багытта көптөгөн биргелешкен иш-чараларга катышууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков