Астанада IT-медицина факультети ачылды

Борбор калаадагы университетте Айти-дарыгерлер даярдалат. IT University дубалында казакстандык студенттер эки дипломдук программа боюнча билим алат. Жаңы факультетти 2025-жылы Хорватиянын Дебрецено университети менен биргеликте ачуу мерчемделип жатат. Белгилей кетүүчү нерсе, дал ушул адистикке Индияда чоң суроо-талапка ээ. Бул мамлекеттен кийинки окуу жылында өлкөгө миңдеген студенттер келүүсү мүмкүн. Бул борбор калаадагы университеттин аянтчасында эки илимий-инновациялык борбордун ачылышында белгилүү болду. Биринчиси жасалма интеллектке негизделген илимий-өндүрүштүк долбоорлорду иштеп чыгууга багытталган. Жаңы демилгелер негизинен транспорт, инфраструктура, айыл чарба тармактарында ишке киргизилет. Ал эми экинчи борбордо телемедицинада санариптик технологияларды жана нейрон тармактарын колдонуунун негизинде алдыңкы чечимдерди иштеп чыгуу мерчемделген. Бул жерде өркүндөтүлгөн мобилдик медициналык аппараттар, электрондук ден соолук жазуулары, бейтаптарды оперативдүү жана Ультра так диагноздоого арналган колдоо системалары түзүлөт. ЖОЖдун студенттери борборлордун бет ачарында бул багыттар боюнча өздөрүнүн долбоорлорун сунушташты. Көпчүлүгү демилгелерди өнүктүрүү жана коммерциялаштыруу үчүн гранттарды алышат жана рынокторго чыгышат.


Андрей Белощицкий, Astana IT University илим жана инновациялар боюнча проректор:

- Студенттер жасалма интеллект жана аппараттык үйрөнүү сыяктуу иштеп чыгууларын сунушташты. Бул нейрон тармактары Fablab лабораториясынын алкагында түзүлдү. Бул жерде орнотулган стенддерде студенттер өз алдынча жасаган долбоорлорунун маанисин түшүндүрүшөт. Көбүнчө мунун бардыгы даяр чечимдер. Маселен, кандайдыр бир манипулятор – роботтолгон кол, бирок аппаратты программалоо менен студенттер алектенет. Жыл сайын бир грант үчүн 10-12 команда ат салышат. Каржылоо үчүн алардын ичинен мыктыларын тандайбыз.

Томирис Жаксылык, Astana IT University илимий кызматкер:

- Бул программалык максаттуу каржылоонун бир түрү. Учурда сүт бези шишигин эрте аныктоочу аппаратты иштеп чыгуудабыз. Анткени бул көйгөй коомдо абдан актуалдуу жана бейтаптардын саны өсүп келет. Ошондуктан, биз чечим табуу үчүн жасалма интеллектти колдонууну туура көрдүк. 2025-жылдан бери казакстандык илимий борборлор, онкологиялык борборлор бизге маалымат берип келет, башкача айтканда биз алар менен кызматташабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков