Казакстан сот системасына маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү боюнча 47 өлкөнүн ичинен 4-орунга чыкты. Мындай жаңы маалыматтарды сот төрагалыгы боюнча Европа комиссиясы өткөн жылдагы баяндамасында жарыялаган. Бул эл аралык көрсөткүч боюнча Эстония, Латвия жана Венгрия алдыңкы орундарды ээлешти. Бүгүнкү күндө ата мекендик сот системасы арыздан баштап өкүмгө чейин онлайн режиминде мониторинг жүргүзүүгө мүмкүндүк берген санариптик чечимдерди колдонуп келет. А түгүл кылмыш, жарандык же административдик иштерди айырмалап, соттолгон адам жазасын өтөй турган түзөтүү мекемесин тандоого жардам берген судьялардын жардамчыларынын модулдары иштеп жатат. Сот тажрыйбасынын алдыңкы үлгүдөгү санариптик талдоочулук системалары жасалма интеллектке негизделген.
Абай Рахметулин, Жогорку Соттун судьясы:
- Быйыл соттордун тынчтык келишимин чыгарганына байланыштуу модулду киргизүүнү пландап жатабыз. Бул система ар кандай талаш-тартыш иштер боюнча эки тарапка тең натыйжалуу чечим чыгарууга мүмкүндүк берет. Келечекте биздин системада жасалма интеллектти рационалдуу пайдаланууну өнүктүрүү боюнча бир топ иштер аткарылып жатат. Бул багытта көптөгөн пландар бар. Анын баарын коомго жеткиребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков