156 Каспий итбалыгына эн салынды

Каспий деңизинде 156 итбалык изилдөө объектилерине айланды. Бул сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан суу жаныбарларын сактап калуу маселеси. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Мангыстау жана Атырау облустарынын жээктеринде, Каспий деңизиндеги Дурнева, Түлени жана Актоты аралдарында итбалыктарды жок кылуу боюнча токтом кабыл алынды. Адистердин айтымында, мындан 4 жыл мурун «кызыл китепке» кирген Каспий итбалыгынын саны бүгүнкү күндө 300 миңден ашты. Өткөн жылдарга салыштырмалуу көрсөткүч туруктуу. Бирок, бул жолку изилдөөлөр жаныбарлардын популяциясын эсептөө менен гана чектелбейт.

Ануар Шагылбаев, гидробиология жана экология институтунун лаобортория жетекчиси:

– «Морфометрикалык изилдөөдө итбалыктын бою тумшугунан баштап таманына чейин  ченелет. Андан кийин вирусологиялык анализ жүргүзүлөт. Мурундан жана ооздон шилекей алып, изилдейбиз. Хирургиялык текшерүү учурунда кан анализи алынат. Андан кийин УЗИ диагностикасы жүргүзүлөт, дене температурасы өлчөнөт. Жээктеги уктоочу жайларда эл каттоо жүргүзүп, жынысын, жашын аныктайлы деп жатабыз. Жыйынтыгын кийинки жылы чыгарабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков