Казакстан менен Чехиянын кызматташтыгы бекемделет

Казакстан менен Чехиянын кызматташтыгы бекемделет

Тараптар мындай ниеттерин ырастап, борбор калаада “Казакстан-Чехия” бизнес форумунун алкагында келишим түзүштү. Ошондой эле, эки өлкөнүн бизнес топтору инвестициялык долбоорлорду каржылоо боюнча кызматташууну макулдашты. Мындан тышкары, алар аскердик-техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Ал арада өлкөнүн жаратылыш коргоочулары Прага зоопаркы менен бирге жоголуп бара жаткан жаныбарларды коргошот. Бул жаатта Казакстандын аймагында 19-кылымга чейин кеңири тараган керкулан же Пржевальский жылкыларын кайра жандандыруу көздөлүп жатат.

Мираслав Бобек, Праганын зоопарк мүдүрү:

- Жаңылбасам, Пржевальский жылкылары бул жерлерди мындан 2-3 миң жыл мурун мекендеген. Бул керкулан породасын Казакстандын аймагына кайтаруу боюнча меморандум түзгөнбүз. Биринчи кезекте ылайыктуу жерди таап, инфраструктураны даярдайбыз. Кийин Прагага барып, Германия, Венгрия сыяктуу башка өлкөлөрдөн жылкыларды жеткиребиз. Ошондон кийин гана Чехиядан Казакстанга ташый баштайбыз.

Казакстан менен Чехиянын ортосундагы соода алмашуу өткөн жылы 370 миллион доллардан ашкан. 2021-жылга салыштырмалуу өсүү дээрлик 70%ды түздү. Чехия 2005-жылдан бери Казакстандын экономикасына 12 миллион доллардан ашык инвестиция салган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков