Бир катар ОПЕК+ мамлекеттери мунай өндүрүүнү ыктыярдуу түрдө азайта баштады

Бир катар ОПЕК+ мамлекеттери мунай өндүрүүнү ыктыярдуу түрдө азайта баштады

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөнүн Энергетика министрлиги маалымдагандай, кара алтынды өндүрүүнүн азайышы бугу айынан тартып жылдын аягына чейин уланат. Белгилей кетсек, тогуз өлкө буга байланыштуу кошумча чектөө чараларын жарыялады. Бул келишимге Казакстандан тышкары Сауд Арабия, Ирак, БАЭ, Кувейт, Алжир, Оман, Габон жана Орусия кошулду. Жалпысынан келишимдин алкагында көлөм суткасына 1,6 миллион баррелге азаят. Бул жаатта ыктыярдуу көлөмдүн кыскарышы, ОПЕК+ өлкөлөрүнүн 2022-жылдын жетинин айынан баштап өндүрүүнү күнүнө 2 миллион баррелге кыскартуу боюнча учурдагы планына кошумча көрүлгөн чара экенин белгилей кетүү керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков