Казакстан австралиялык тажрыйбанын негизинде эт тармагында 14 долбоорду ишке ашыруу пландаштырылган. Бул долбоорлор өлкөбүзгө жылына 50 миң тоннага чейин эт экспорттоого мүмкүндүк берет. Мындай маалыматты айыл чарба министри Айдарбек Сапаров өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, былтыр экспорттолгон уй этинин көлөмү дээрлик бир жарым эсеге өсүп, 22 миң тоннадан ашкан.Ал эми кой этин экспорттоо 2 эседен ашык өсүп, 18 миң тоннага жакындаган. Буга республикада малдын жалпы санынын тынымсыз өсүшү шарт түздү. Үстүбүздөгү жылдын 5 айында эле айыл чарба малынын бардык түрлөрүнүн төрттөн бирге көбөйгөн. Жыл башынан бери мал чарба продуктыларын кайра иштетүү кеңири кулач жайды. Айрым аймактарда өсүш 11ден 50%га чейин катталган. Тери жана жүн үчүн экспорттук бажы алымдары жоюлду. Учурда Актөбе облусунда жүндөн жылуулук изоляциялоочу материалдарды, Алматыда териден желатин өндүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылууда.
Айдарбек Сапаров, Казакстандын айыл чарба министри:
- Бүгүнкү күндө 62 казакстандык ишкана Европа өлкөлөрүнүн реестринде катталган. Ошондой эле аквакультура, жылкынын эти жана сүт азыктарын экспорттоого жол ачуу иштери жүрүп жатат. Кытайда 2649 казакстандык ишкана экспорттук ишканалардын реестринде катталган. 2025-жылы Кытай менен канаттуулардын этине ветеринардык талаптарды белгилеген протоколго кол коюлган. Эми бизге келип текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Анан ал жакка канаттуулардын этин экспорттоого болот. Ветеринардык сертификаттар Грузия жана Иран менен да макулдашылган. Түркия, Ооганстан жана Пакистан менен базарларды кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр уланууда.
Кототргон: Назира
Бегалиева

