Катар Казакстанда ГЭС салууга кызыкдар

Катар Казакстанда ГЭС салууга кызыкдар

Катар Казакстанда жаңы гидро электро станция салууга кызыкдар. Суунун күчү менен кубат өндүргөн обьект өлкөнүн чыгыш аймагындагы Иртис дарыясынын боюнда курулат. Кайра жанма энергия булагынын кубаттуулугу 350 МВт болот деп күтүлүүдө. «Самрук» казына фондунун маалыматы боюнча, жергиликтүү тарап аталган станцияны куруу боюнча эмирликтин эң ири энергетикалык жана инвестициялык компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Учурда эки тараптуу алдын ала макулдашуу боюнча долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыгууда. Бул иштерди аяк оона айына чейин бүтүрүү мерчемделген. Долбоордун жалпы баасын аныктоого байланыштуу орток макулдашууга жетишүү максаты турат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков