Казакстанда биринчи модулдук куткаруу станциясы ачылды. Ал сууда болгон кырсыктарга ыкчам жооп кайтаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Жаңы объект Петропавл шаарындагы Есиль дарыясынын жээгинде жайгашкан. Ал күнү-түнү иштейт. Бул жерде куткаруучулар үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Пункт жээк аймагын жана өтө маанилүү объектилерди - автомобиль көпүрөсүн жана Петропавл гидротүйүнүнүн плотинасын көзөмөлдөөнү камсыздайт. Модулдук куткаруу посту - пилоттук долбоор. Келечекте мындай станциялар өлкөнүн башка аймактарында да ишке киргизилет.
Динара Нургалиева, Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин атайын өкүлү:
- Элестетсеңиз 25 күндүн ичинде жаңы объект курулду. Бул Казакстанда аналогу жок суу-куткаруу
станциясы. Бул жерде пирс, суу сактагычка алып баруучу атайын трап жасалды.
Жабдуулар толугу менен бүткөрүлдү, сиз көрүп тургандай, менин кесиптештериме
бүгүн жаңы форма, жаңы техника берилди.
Которгон: Назира Бегалиева

