Казак кызы алгачкы жолу Эверестти багындырды

Казак кызы алгачкы жолу Эверестти багындырды

Казак кызы биринчи жолу Тарыхта  Эверестти багындырды. Ал ата мекендик «Kazakh Everest Team» тобунун курамында 8848 метр бийиктикке чыкты. Анар Бурашева эмгек сиңирген альпинист Максут Жумаев менен биргеликте дүйнөнүн эң бийик чокусунда өлкөнүн көк туусун желбиретти. Бардык казакстандыктар бугу айынын 7де аттанып, 12де эң бийик чекке жетти. Ошентип, чокуну багынтууга 5 күн кеткен. Ал аралыкта альпинисттер тоодо кыйынчылыктарга туш болушкан. Казакстандыктар 8 миң метр бийиктикте бороон-чапкынга туш болушкан. Көптөгөн экспедициялар чегинүүгө аргасыз болгон. Ал эми, чокуга 5 гана мамлекеттин топтору чыкты. Алардын арасында мекендештер да бар.  Алар бул жетишкендиктерин Экинчи дүйнөлүк согушта эрдик көрсөткөн өлкөнүн баатыр ата-бабаларынын урматына арнашты. Себеби, Ракымжан Кошкарбаев, Алия Молдагулова менен Сагадат Нурмагамбетовтордун туулганына быйыл 100 жыл болду.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков