Касым-Жомарт Токаевдин Казакстан элине
кайрылуусунда сунушталган бир палаталуу парламентке өтүү чет элдик серепчилер
тарабынан өлкөнүн саясий тутумун жаңылоо боюнча алынган багыттын логикалык
уландысы катары бааланууда. «Diplomatic World» аттуу абройлуу эл аралык
басылманын долбоордук мүдүрүнүн пикиринде, мындай формат мыйзам чыгаруу жараянын
тездетип, аны ачык-айкын кылат. Мындан тышкары, бул саясий институттарды
бекемдеп, жарандардын катышуусун жогорулатат. Альберто Туркстра мисал катары
Жаңы Зеландиянын ийгиликтүү тажрыйбасын келтирет. Бул өлкө өткөн кылымдын
ортосунда эле жогорку палатадан баш тарткан жана ондогон жылдар бою бул кадам
өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди. Аналитик реформа
жарандардын бийлик институттарына болгон ишенимин күчөткөнүн белгилейт, анткени
бардык жоопкерчилик бир органда топтолгон.
Альберто Туркстра, «Diplomatic World» журналынын долбоордук мүдүрү, Бельгия:
- Мунун баары Казакстан акыркы жылдары жүргүзгөн реформаларга негизделген. Саясий партияларды каттоо жөнөкөйлөштүрүлүп, бюрократиялык тоскоолдуктар кыскартылды. Конституциялык соттун кайра жаралышы, чечим кабыл алууда жарандык коомдун ролунун күчөшү менен Казакстандагы бул өнүгүүнү көрүп жатабыз. Бул өзгөрүүлөр – бир палаталуу парламентке өтүү менен аяктай турган табигый жараян.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

