Алатау шаарын
өнүктүрүү Кытай жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен соода жана инвестициялык өз
ара аракеттенүү деңгээлин жогорулатат. Мындан тышкары, G4 City долбоорун ишке
ашыруу бир катар жаңы өндүрүштүк жана коммерциялык долбоорду ишке кошууга, ар
кандай тармактарда алдыңкы тажрыйбаларды киргизүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бул тууралуу
Өкмөттө айтылды. Шаар келечекте эл
аралык бизнес-хабга айланат деп күтүлүүдө. Бул жаатта Дубай, Сингапур,
Тяньцзинь сыяктуу дүйнөнүн айтылуу борборлорун куруу тажрыйбасын колдонуу
мерчемделип жатат. Ал эми ишкердикти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу үчүн
министрлер кабинети Алатау аймагында өзгөчө шарттарды түзөт. Бул салык жана
бажы жеңилдиктерине тиешелүү. Муну менен катар, шаар территориясында өзгөчө
укуктук режимди, анын ичинде Астана Эл аралык Каржы Борбору укугун киргизүү
мүмкүнчүлүгү каралды. Өкмөт бизнес менен биргеликте, мамлекеттик жеке менчик
өнөктөштүк механизми аркылуу керек болгон инфраструктураны курууну активдештирүү
зарылдыгын билдирди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков