Казакстан өкмөтүндө бир катар жаңы дайындоолор болду

Казакстан өкмөтүндө бир катар жаңы дайындоолор болду

Кадрларды дайындоо. Казакстандын өкмөтүндө бир катар жаңы дайындоолор болду. Ошентип, Роман Скляр министрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары, ал эми дагы бир орун басары кызматына Бакыт Султанов келди. Буга чейин маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри кызматын аркалап келген Аида Балаеванын орду Аскар Умаровго өттү. Даурен Абаев Маданият жана спорт министри болсо, Ажар Гиният республиканын саламаттыкты сактоо тармагын көзөмөлдөйт. Юстиция министрлигин эми Канат Мусин, ал эми Энергетика министрлигин Болат Акчулаков жетектейт. Кайырбек Ускенбаев Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министри кызматын аркалайт. Улуттук экономика министрлиги Алибек Куантыровго тийди. Калган мекеме башчылары өз ордуларында калышты.

Бахыт Султанов - Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри

Аида Балаева - Казакстан Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары

Аскар Умаров - Казакстан Республикасынын Маалымат жана социалдык өнүгүү министри

Даурен Абаев - Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министри

Ажар Гиният - Казакстан Республикасынын саламаттык сактоо министри

Канат Мусин – Казакстан Республикасынын юстиция министри

Болат Акчулаков - Казакстан Республикасынын Энергетика министри

Кайырбек Ускенбаев - Казакстан Республикасынын Индустрия жана инфраструктуралык өнүктүрүү министри

Алибек Куантыров - Казакстан Республикасынын Улуттук экономика министри

Которгон: Илгиз Жамалбеков