Транспорт, энергетика,
тоо-кен металлургиялык комплекс, агро
өнөржай комплекси, жасалма интеллект. Касым-Жомарт Токаев Бээжинде өткөн казак-кытай Ишкердик кеңешинин
сегизинчи жыйынында Казакстан менен Кытайдын мындан аркы кызматташтыгынын
артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Ага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын
жана бизнес-структураларынын 500дөн ашык өкүлдөрү, ошондой эле 70тен ашык ири
кытай корпорацияларынын жетекчилери катышты. Мамлекет башчысы өз сөзүндө Кытай
Казакстандын түбөлүктүү стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Өткөн жылы
өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү 44 миллиард долларга жетти. Жакынкы беш
жылда тараптар көлөмдү бир топ көбөйтүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө Казакстандын
экономикасы Борбор Азиядагы эң ири экономика болуп саналат, жылдын аягына чейин
ИДӨ 300 миллиард
доллардан ашат деп күтүлүүдө, деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Кытай биздин экономикага 27 миллиард
доллар инвестиция салды. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Ал мындан ары да өсөт деп
ишенем. Казакстанда кытай капиталы менен алты миңден ашык ишкана ийгиликтүү
иштеп жатат, алардын арасында дүйнөлүк масштабдагы CNPC, CITIC, SINOPEC, HUAWEI
сыяктуу ири корпорациялар бар.
Казакстан менен бизнести өнүктүрүү – пайдалуу. Өлкө инвесторлорду тартып
эле тим болбостон, аларга колдоо көрсөтөт – укуктарын жана кызыкчылыктарын
ишенимдүү коргоону камсыздайт. Анын үстүнө иш бардык деңгээлде – анын ичинде
Өкмөттүк деңгээлде да жүргүзүлөт. Андан тышкары, Казакстан менен КЭРдин
ортосунда инвестицияларды кубаттоо жана өз ара коргоо тууралуу макулдашуу
түзүлгөн. Ишкер чөйрөлөр кызматташуунун келечектүү жана кирешелүү багыттарын
тандай алышат. Алардын бири – транспорт жана логистика. Айрыкча өлкөнүн үлүшүнө
Кытай менен Европанын ортосундагы бардык континенттик ташуулардын 85%ы туура
келет. Бизнес үчүн энергетика тармагында, атап айтканда кайра жанма энергия булактары
жана атомдук энергетикада өз ара аракеттенүү кызыктуу көрүнөт.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын президенти:
- Өлкөбүздүн энергетикалык коопсуздугун
камсыздоонун негизги элементи болуп салттуу энергия булактарын өнүктүрүү кала
берет. Энергетика тармагындагы бардык биргелешкен долбоорлор өз ара пайдалуу
кызматташтыгыбызды мындан ары да чыңдоого кызмат кылат деп эсептейбиз.
Казакстан дүйнөдөгү айдоо
жерлеринин аянты боюнча алтынчы орунда турат жана дан эгиндерин экспорттоо
боюнча алдыңкы ондукка кирет. Өлкө Кытайга жыл сайын эки миллион тоннага чейин
дан жеткире алат. Бирок Касым-Жомарт Токаев биргелешкен кайра иштетүүчү
өндүрүштөрдү өнүктүрүү да келечектүү экенин белгиледи. Бизнес үчүн дагы бир
байланыш түйүнү – жасалма интеллект. Инновациялардын жана криптоиндустриянын
өнүгүүсүнүн кубаттуу аймактык борбору болууга тийиш болгон жаңы Alatau City
шаарына өзгөчө көңүл бурулууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
президенти:
- Биз Казакстан менен China State
Construction Engineering Corporation ортосундагы бүгүнкү келишимге кол коюуну
толугу менен колдойбуз. Курулушту кечиктирбестен баштоо зарыл деп эсептейм.
Жакынкы арада Alatau City өз алдынча экосистеманын өзгөчө макамына ээ болот.
Бээжинде өткөн казак-кытай Ишкерлер кеңешинин жыйынтыгы боюнча
15 миллиард доллардан ашык суммага 70тен ашык келишимге кол коюлду. Алардын
негизгилери - энергетика, логистика жана санариптик технологиялар тармагындагы
долбоорлор.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

