Казакстан президенти Премьер-министрге бир катар тапшырмаларды берди

Казакстан президенти Премьер-министрге бир катар тапшырмаларды берди

Казакстандын экономикасы 8 айдын жыйынтыгы менен 3,7% өсүштү көрсөттү. Бул тууралуу Мамлекет башчысына республиканын Премьер-министри билдирди. Олжас Бектенов маалымдагандай, олуттуу өсүш курулуш, транспорт жана кампа, байланыш, соода, кайра иштетүү тармактарында байкалды. Өлкөдө оруп жыйноо өнөктүгү активдүү жүрүп жатат. Дан жана буурчак өсүмдүктөрүнүн аянттарынын 70% дан ашыгы жыйналып, 17 миллион тоннадан ашык дан бастырылды. Жеңилдетилген каржылоонун көлөмү 3 эсеге өсүп, 580 миллиард теңгеге жетти. Ошондой эле президент суу ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча маалымат берди. Жабыр тарткандардын баарына социалдык колдоо көрсөтүлүп, аларга мүлктөрү үчүн компенсация төлөнүп берилди. Ошондой эле турак-жай сатып алынып, берилип, 2 жарым миңден ашуун жаңы үйлөр курулду. Жолугушуунун соңунда Мамлекет башчысы мындан ары өлкөнүн өнөр жай дараметин ачуу жана инфраструктураны модернизациялоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков