Казакстан Республикасынын Конституциясы алгачкы жолу Брайль шрифтинде жарык көрдү

Казакстан Республикасынын Конституциясы 1995-жылы баш оона айынын 30-да республикалык референдумда кабыл алынды. Конституция - Брайль шрифтинде. Казакстанда өлкө Конституциясынын көзү азиздер үчүн атайын нускасы казак жана орус тилдеринде жарык көрдү. Аны эл аралык талаптарга ылайык иштеп чыгуу үчүн атайын материалдар жана технология колдонулган. Бул жаатта Казакстан БУУ-нун майыптардын укуктары боюнча конвенциясынын катышуучусу экенин белгилей кетүү керек. Конституциянын Брайль шрифтинде басылышы – өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин аткаруу багытында колго алган жакшы иштердин бири. Максаты – коомдун укуктук маданиятын калыптандыруу жана жарандардын мыйзам алдында теңдигин сактоо. Басылма мамлекеттик мекемелерге, китепканаларга жана окуу борборлоруна ошондой эле адистештирилген мектептерге таратылат.

Бакыт Нүрмуханов, Конституциялык Сот төрагасынын орун басары:

-Учурда Казакстанда 90 миңге жакын көрүүсү начар жарандар бар. Анын ичинде 4 миңге жакыны балдар. Бул адамдар эми брайль шрифти аркылуу Конституциянын мазмуну менен таанышып, өз укуктарын билип эле тим болбостон, аларды коргоо механизмдерин пайдаланып, жашоодо өз максаттарына жетет деген ойдобуз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков