К. Токаев «Тазаруу күнүндө» казакстандыктарга кайрылуу жасады

К. Токаев «Тазаруу күнүндө» казакстандыктарга кайрылуу жасады

Бүгүн Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарга кайрылуу жасады. Мамлекет башчысы бардык жарандарды тазалык жана тартип эстафетасына катышууга чакырды. Президент Казакстанда масштабдуу экологиялык акция башталганын белгиледи. Ал «Тазаруу күнү» - Ноорузнаама декадасын майрамдоого өзгөчө күн алкагында башталды. Акция ошондой эле «Таза Казакстан» жалпы улуттук долбоорун ишке ашыруунун жаңы этабын ачат. Президент «Мөлтүр булак» демилгесинин башталышын да белгиледи, анын алкагында жарандар жаратылыш булактарын, жээк зоналарын жана суу сактагычтарды тазалашат. Мамлекет башчысы Ноорузду майрамдоо күндөрүндө кабыл алынган Жаңы Элдик Конституцияда жаратылышка аяр мамиле кылуу негизги принциптердин бири катары бекитилгенин баса белгиледи. Ал эми жаңы Баш мыйзам коомдук консолидациянын өзөгү, адеп-ахлактык жана укуктук багыт, Көз карандысыздыктын негизи болуп калат. Бүгүнкү күндө барган сайын көп казакстандыктар экологиялык жүрүм-турумду, ресурстарды рационалдуу керектөөнү тандап жатышат. Мамлекет башчысынын айтымында бул - жаркын келечектин кепилдиги.

Которгон: Илгиз Жамалбеков