Атактуу Кабирхан
аргымагы дүйнөлүк деңгээлдеги ат чабыштардагы жеңиши менен гана тарыхта
калбастан, Казакстанда спорттун бул түрүнүн өнүгүшүнө салым кошту. Айрыкча, ат
чабыштын аброюн көтөрдү. Бул тууралуу аттын ээси Тлек Мухамбеткалиев айтып, өз
ою менен бөлүштү. Эске сала кетсек, ата мекендик ишкер эки жыл мурун кунан
кезинде Кабирханды сатып алган. Ошондон бери күлүк өлкөдө жана
Орусияда, ошондой эле, БАЭде 11 мелдешке катышып, бир жолу гана тайпадан чыга
алган эмес.
Тлек Мухамбеткалиев, Кабирхандын Ээси:
- Бул - биз утуп алган кубоктор. Бул Дубайда биринчиликти
жеңип алган Al Makhtoum Challenge. Быйыл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Кабирхандын
жетишкендиктеринен кийин учурда өлкөдө көптөгөн адамдар асыл тукумдуу мыкты
аргымактарды ала баштады. Бул чабышта Казакстандын эл аралык аренадагы деңгээли
менен беделин көтөрөт деп ишенем.
Кабирхандын
чеберчилигине суктанган күйөрмандар күн сайын өсүүдө. Жакында, жалган куран
айынын 30да күлүк дүйнөдөгү эң ири чемпионат – Дубайдагы Дүйнө кубогунда күч
сынашат. Ал өзүнүн жогорку рейтинги менен үчтүн айындагы тандоо турундагы
жеңишинен кийин бул жарышка жолдомо алган. Кубоктун жеңүүчүсү 12 миллион доллар
сыйлык алат. Ал аттын ээсинин, кийинчерээк машыктыруучусу Даг Уотсондун да
кыялы болду. Анын айтымында, алдыдагы мелдеште мыкты тулпарлар, дүйнө
чемпиондору күч сынашат. Ал эми Кабирхан болсо Дубайдагы мелдешке катыша турган
биринчи казак тулпары болот.
Даг Уотсон, Кабирхандын Саяпкер-Машыктыруучусу:
- Кабирхан менен даярдык жакшы жүрүп жатат. Ал жума сайын машыгууда. Колубуздан келбеген эч нерсе жок деп ойлойм. Азыр абалы абдан жакшы. Буга чейин кол астымда мындай жакшы машыккан тулпарды көргөн эмесмин. Ошондуктан менин үмүтүм чоң.
Которгон: Илгиз Жамалбеков