Мамлекет башчысы Жамбыл облусуна жумуш сапары менен барды. Казакстандын
президенти аймактагы бир катар ишканаларды кыдырды. Касым-Жомарт Токаев
фармацевтикалык компаниялардын иш процесси менен таанышты. «Амир жана Д»
дары-дармектерди, ошондой эле В жана С гепатиттерин, ВИЧти, миокард инфарктын
жана башка бир катар ооруларды диагностикалоо үчүн экспресс-тесттердин ар
кандай түрлөрүн чыгарат. Ал эми «Super-pharm» ишканасы
медициналык бет каптарды, бир жолу колдонулуучу коргоочу кийимдерди,
шприцтерди, кан куюу системаларын чыгарат. Компания өлкөнүн бир жолу
колдонулуучу медициналык буюмдарга болгон муктаждыгынын үчтөн бирин камсыздайт.
Президент Токаев ата мекендик фармацевтиканы мындан ары да өнүктүрүү маанилүү
экенин белгиледи. Бул импорттон көз карандылыкты азайтууга жардам берет.
Мамлекет башчысы «Тараз» кичи өнөр жай аймагында да болду. Бул жерде
Касым-Жомарт Токаевге аймактын өнүгүүсү тууралуу айтып беришти. Маселен, жыл
башынан бери облуска 600 миллиард теңгеге жакын инвестиция тартылды. Эки жылдын
ичинде 242 миллиард теңгеге 56 инвестициялык долбоор ишке ашырылды. Алардын
арасында минералдык жер семирткичтерди чыгаруучу ишкана да бар. Касым-Жомарт
Токаевге металлургиялык заводдун курулушу жана Жанатастагы «ЕвроХим-Каратау»
масштабдуу инвестициялык долбоорунун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берилди. Учурда
жаңы заводдо күкүрт кислотасын өндүрүү боюнча ишке киргизүү иштери жүрүп жатат.
Президентке өнөр жай атайын аймагында чыгарыла турган айыл чарба техникалары
жана чыңалган айнек чыгаруучу завод да көрсөтүлдү.
Мамлекет башчысы Тараздагы адистештирилген аскердик мектеп-интернатына да
барды. Мектептин негизги максаттарынын бири – келечектеги Ата Мекенди
коргоочуларды аскердик-патриоттук жактан тарбиялоо. Касым-Жомарт Токаев
окуучулар менен болгон маегинде мамлекет аскердик билим берүү системасын
өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп, мектепке Бауыржан Момыш уулунун портретин жана мектеп автобусун белекке берди. Андан ары мамлекет башчысы
Жамбыл облусундагы жалгыз аритмологиялык клиникага барды. Дал ушул жерде
тургундарга кардиологиялык жана кардиохирургиялык жардамдын толук спектри
көрсөтүлөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

