Астанада ири эл аралык автокөргөзмө ачылды

Астанада ири эл аралык автокөргөзмө ачылды

Астанада эл аралык ири автокөргөзмө өтүп жатат. Анда дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген 500гө жакын компания өз өнүмдөрүн сунуштады. Көргөзмө павильондорунда автотетиктер жана жабдуулар, электромобилдер менен тюнингделген темир тулпарлар коюлган. Адистердин айтымында, мындай иш-чаралар Казакстандын автоөнөр жайын өнүктүрүү үчүн эле эмес, туризм тармагын өнүктүрүү үчүн да зарыл. Автокөргөзмө өтүп жаткан кезде Казакстандын борборуна 15 миңге жакын чет элдик коноктордун келээри күтүлүүдө. Ушул өңүттөн алып караганда, өлкөдө мындан аркы өнүгүү үчүн дарамет жетиштүү, дешет серепчилер.


¤

Ержан Еркинбаев, Туризм жана спорт вице-министри:

- Астана шаарын биз 2019-жылдан бери бизнес-туризм борбору катары өнүктүрүп келебиз. Бул жерде ар кандай жогорку деңгээлдеги форумдар, бизнес жолугушуулар жана түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Эң негизгиси бул жерде мамлекет башчылары жолугушат. Ишкердик туризм экономикабызга кандай пайда алып келет деген суроого жооп издесек, өлкөбүзгө ишкер турист келгенде орто эсеп менен 1400-1500 доллар киреше түшөт. Бул дегенибиз, ушул жолу алыскы чет өлкөдөн 3 миң гана турист келсе, алар Астананын экономикасына бир нече миллион доллар киреше алып келди деген сөз.

 

¤Евгений Сергеев, Автокомпания көргөзмө долбоорунун мүдүрү:

- Борбордук Азия - бул жаңы тенденция. Анткени бул жерге дүйнөнүн булуң-бурчунан көптөгөн компаниялар келип жатат. Бул рынок жогорку темп менен өнүгүп келүүдө. Биз аларга  баалуулуктар менен таанышууга мүмкүнчүлүк түзүп, жергиликтүү компаниялардын дүйнөлүк бренддер менен кызматташуусуна шарт түзүп беребиз. Бул нетворкингге жана жаңы өнүмдөрдү сунуштоого жакшы мүмкүнчүлүк берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков