Бүгүнкү күндө Казакстандын экономикасында чакан жана орто бизнестин үлүшү 37%ды түзөт. Бул тармакта 4 миллиондон ашык адам иштейт. Өткөн жарым жылда тармактын өкүлдөрү тарабынан 34 триллион теңге өнүм өндүрүлгөн. 2023-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу өсүш 20%ды түздү. Ишкерликтин өнүгүшү жана тармактын дарамети тууралуу бүгүн Астанадагы форумда сөз болду. Бул жерде ата мекендик өндүрүүчүлөр өлкө ичинде да, чет элдерде да суроо-талапка ээ болгон даяр өнүмдөрдүн тизмесин сунушташты. Мисалы, республиканын түштүгүндө жасалып жаткан күн панелдерин жакын арада АКШ жана Канадага экспорттоону пландап жатат. Ишкерлердин мерчеминде мамлекеттик колдоонун жардамы менен өндүрүштүн толук циклин түзүү жана карапа желимдерин чыгаруу.
Серик Кулмурзаев, күн панелдерин өндүрүү компаниясынын соода мүдүрү:
– Биздин өндүрүш жолго коюлган, күн панелдерибиз эң акыркы үлгүдөгүлөр. Биз испан өндүрүүчүлөрүнүн технологиясын кабыл алдык. Учурда UL шайкештик сертификаттарын алдык. Эми жакынкы келечекте жетинин айынын аягында биринчи партиясын кардарларыбызга жөнөтүүнү көздөп жатабыз. Биринчи партия болжол менен 500-600 киловатты түзөт.
Мангыстаулук ишкер Жанаргүл Жапарова да бизнесин кеңейтүүнү көздөөдө. Ал “Бир айыл – бир өнүм” долбоорунун катышуучусу. Буга чейин ал жүндү кайра иштетүүчү цехке жабдыктарды алуу үчүн мамлекеттен грант алып келген. Эми ишкер айымдын дагы бир өндүрүш ишканасын ачуу идеясы бар.
Жанаргүл Жапарова, ишкер айым:
– Койдун жүнүнөн өз өнүмдөрүбүздү жасаганда көп калдыктар калат. Ошондуктан калдыксыз өндүрүш жасап, койдун жүнүнөн, тактап айтканда жергиликтүү койдун жүнүнөн – жер семирткич чыгаргыбыз келет. Бул био жер семирткич болот. Бизге жабдууларга инвестиция алуу жана цехти куруу үчүн колдоо керек.
Белгилей кетсек, форум 450 ишкердин катышуусунда өттү. Мекемелердин өкүлдөрү, серепчилер жана бизнестин өкүлдөрү биргелешип өлкөдө ишкерликти өнүктүрүү боюнча мындан аркы чараларды талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков