Казакстан Президентинин архиви санариптик трансформацияны жүргүзүүдө

Казакстан Президентинин архиви санариптик трансформацияны жүргүзүүдө

Казакстан Президентинин архивинде сакталып турган уникалдуу тарыхый материалдар 500 жылга чейин сакталышы мүмкүн. Документтердин сакталышын камсыз кылуу үчүн атайын камсыздандыруу фонду түзүлүүдө. Сапатын жоготпостон микрографиянын жардамы менен атайын камсыздандыруу көчүрмөлөрү жасалууда. Мисалы, бул түп нуска ондогон жылдарды башынан өткөрдү. Ал эми баалуу материал иштелип чыкканга же туруктуу сактоого жөнөтүлгөнгө чейин, ал акклиматизациядан өтүшү керек. Адистер кол жазма жана машинкада басылган документтердин физикалык түзүмүн тазалоону жана бекемдөөнү камтыган толук калыбына келтирүү циклин жүргүзүшөт. Иштетилгенден кийин материалдар сактоочу жайларга жөнөтүлөт. Бул жерде шарттар эл аралык стандарттарга жооп берет - температура, нымдуулук жана документтердин жайгашуусу дайыма көзөмөлдөнүп турат.


Алия Мустафина, Казакстан Президентинин архивинин мүдүрү:


Бул мамлекет үчүн эң маанилүү документтер, ошондуктан бул категория үчүн камсыздандыруу фонду түзүлөт, ал документтерди микро алып жүрүүчүлөргө которууну билдирет. Алар чоң көлөмдөгү маалыматты, чоң маалымат массивин 500 жылга чейин сактоо мөөнөтү менен компакттуу түрдө сактоого мүмкүндүк берет.


Белгилей кетсек, Президенттин архивинде Казакстандын тарыхынын жана өлкөнүн тышкы саясатынын негизги этаптары боюнча материалдар сакталат. Бул жердеги кагаз түрүндөгү документтердин 90% электрондук форматка которулду. Бул коопсуздук маселесин түздөн-түз чечет: түп нускаларды санариптештирүүнүн аркасында маалыматка жетүү жеңилдеп, сейрек кездешүүчү түп нускалар эскирүүдөн корголот. Жарандардын жана окумуштуу изилдөөчүлөрдүн суроо-талаптарына да онлайн форматта жооп берилет. Президенттин Архивине мектеп окуучулары да кайрылышат. Алсак, «Archive Space» долбоорунун алкагында окуучуларга тарыхый фактыларды баштапкы булактар аркылуу текшерүү көндүмдөрү үйрөтүлөт.


Которгон: Илгиз Жамалбеков