Казакстан президенти Ички иштер министрин кабыл алды

Казакстан президенти Ички иштер министрин кабыл алды

Казакстандын президенти ички иштер министрин кабыл алды. Ержан Саденов мамлекет башчыга өлкөдөгү кылмыштуулуктун абалы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында жыл башынан бери кылмыштуулуктун азайышы байкалды. Кылмыштык укук бузуулардын саны 5,5 миңге, кылмыштар 10 миңге азайган. Ошондой эле, өлкөдө «Мыйзам жана тартип» принциби жигердүү ишке ашырылууда. Укук бузууларда «нөлдүк сабырдуулукту» камсыз кылуу, уюшкан, кибер жана нарко кылмыштуулукка каршы аракеттенүү, жол коопсуздугун күчөтүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү укук тартибин жана коомдук коопсуздукту мындан ары жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков