«Аманат» партиясы өзүнүн ишин түп-тамырынан бери өзгөртүп, идеологиялык системанын концепциясын жарыялашы керек. Бул тууралуу саясат таануучу Елдос Жумагулов билдирди.
Елдос Жумагулов, саясат таануучу:
- Партиянын эл арасында чыныгы кадыр-баркка ээ болушу үчүн атаандаштык керек. Бул убакытка чейин бир гана партия монополияга ээ болгон. Калгандары жөн эле катарда жүрүштү. Эми бул партияны өнүктүрүү үчүн күчтүү атаандаштык керек. Мындай өзгөрүүлөргө жетишүү үчүн идеологиялык негиздеме зарыл. Шайлоочу жаңы партиянын максатын түшүнүшү керек.
Бийлик менен элдин ортосунда диалог аянтчасын түзүү керек. Бул үчүн Иртыш аймагындагы ЖОЖдордун адистери TALQYLAU мобилдик тиркемесин ачууну сунуштап жатышат. Демилгени ишке ашыруу үчүн жаш кадрлар, тиешелүү ресурстар жетиштүү, дешет окуу жайдын окумуштуулары. Бул коомдук пикирди жана көз караштарды талдоого негиз болуп бере алат.
Еркин Садыков, экономика илимдеринин доктору:
- Биз жаңы инновациялык программаларды ишке ашырууга катышууга даярбыз. Мисалы, жаштарды «Талкуулоо» диалог аянтчасына тартып, коомдогу актуалдуу маселелерди талдап алсак болот. Мындан тышкары, «Тазалайлы» долбоорунун алкагында экологиялык маданиятты түзүүнү мерчемдеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков