Казакстан президентине баасы 10 триллион теңгени түзгөн улуттук долбоорду даярдоо маалымдалды

Казакстан президентине баасы 10 триллион теңгени түзгөн улуттук долбоорду даярдоо маалымдалды

Казакстан Президенти энергетика жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоо боюнча улуттук долбоорду жыл аягына чейин кылдат иштеп чыгып, бекитүүнү премьер-министрдин орун басары Канат Бозумбаевге тапшырды. Долбоордо алдыдагы беш жылга эсептелип, 6 миң МВт ашык электр генерациясын көбөйтүү менен иштеп жаткан объектилерди жаңылоо, ошондой эле жаңыларын куруу каралган. Долбоордун баасы 10 триллион теңгеден ашат. Ошондой эле мамлекет башчысы аймактык саясаттын жаңы ыкмалары тууралуу да маалымат алды. Алар региондордун ортосундагы ажырымды жоюуга багытталган. Эми анда мамлекеттик программалардын аткарылышын координациялоо үчүн өкмөттүн алдында долбоордук кеңсе түзүлөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков