Астанада өтүп
жаткан «Digital Bridge» форумунун стартап аллеясында 100дөн ашык инновациялык
долбоор сунушталды. Бул иш-чара ойлоп табуучулар үчүн өзүн таанытууга гана
эмес, инвесторлорду табууга да жакшы мүмкүнчүлүк болду. Форумда түрдүү
багыттагы санарип долбоорлору тартууланды. Алардын арасында медицинага,
агрокомплекске жана башка электрондук соодага багытталган демилгелер бар.
Мындан тышкары, шаар тургундарынын жашоосун жакшырта турган жогорку
технологиялардын көптүгү өзгөчөлөндү. Мисалы, акылдуу жана жеңил самокатты эл
аралык Astana Hub технопаркынын мүчөлөрү иштеп чыгышкан. Ал кыймылды коопсуз
кылган эсептегич башкаруу менен жабдылган.
Иван Конов, ASTANA
HUB президенти:
-Анын өзүнүн мээси
бар деп айтууга болот. Ошонун аркасында адам анын үстүнө турган кезде жана түрткөндө дароо
түшүнүп, өзү да чечим чыгарат. А эгер токтосоң анын мотору өчөт. Биз бул
форумда инвесторлорду да, өнөктөштөрдү да издеп жатабыз. Биринчи өндүрүштү
баштоо үчүн болжол менен 50 миң доллардай каражат керектелет.
Жогорку
технологиялардын өнүгүшү келечекке түздөн-түз таасирин тийгизери эч кимге
жашыруун эмес. Муну ата мекендик аэрокосмостук компаниялар да эске алышкан.
Алардын бири санарип технологияларды колдонуп, жердин 3D сүрөтүн тартып,
картага түшүрөт. Мындай жогорку сапаттагы сүрөттөр жерди изилдөөгө жана ал
жерде келечектеги курулуштарды пландаштырууга мүмкүндүк берет.
Баглан Казиев, Аэрокосмостук
компаниянын башкы мүдүрү:
-Бардык өнүмдөрүбүз
жаңы. Биз аларды дайыма өркүндөтүп турабыз. Биз учактан тасма тартууга
мүмкүндүк берген учакка орнотулуучу санариптик аппаратты иштеп чыктык. Андан кийин мунун баары биздин
геопорталда колдонулуп, интернетте
жайгаштырылат. Биздин негизги максатыбыз – шаарларды толугу менен
санариптештирүү жана анын көчүрмөсүн жасоо. Бул тармакта 5 жылдан бери иштеп
келе жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков