Касым-Жомарт Токаев Чыгыш Казакстан облусунун акимин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев Чыгыш Казакстан облусунун акимин кабыл алды

Чыгыш Казакстан облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу бүгүн мамлекет башчысына аким Нурымбет Сактаганов баяндама жасады. Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча аймак өнүгүүнүн оң динамикасын сактап калды. Курулуш, айыл чарба, соода сыяктуу тармактарда өсүш байкалды. Негизги капиталга салынган инвестиция 838 миллиард теңгеден ашты, ал эми инвестициялык портфелге жүздөн ашык долбоор кирди. Облуста активдүү курулуш жүрүп, 400 миң чарчы метрден ашык турак жай пайдаланууга берилди. Чыгыш Казакстанда инфраструктураны модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда. Өткөн жылы 856 чакырым жол оңдолду. Ошондой эле, өткөн 12 айдын ичинде облуста 30 миңге жакын жумушчу орун түзүлдү, ал эми быйыл Региондук иш менен камсыз кылуу картасынын алкагында 18 миң жумушчу орун ачуу пландаштырылууда. Жолугушуунун жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев экологиялык абалды жакшыртуу, экономиканы диверсификациялоо, инвестиция тартуу жана аймакта туризмди өнүктүрүү боюнча ишти улантууну тапшырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков